• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Дастан” ишканасынын базасында электр эсептегичтер чыгарылат

Экономика 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бишкектеги “Дастан” ишканасынын базасында өзбекстандык өнөктөштөр менен биргеликте электр эсептегичтерин чыгаруу ишке киргизилет. Бул тууралуу "Кыргызстан-Өзбекстан" бизнес-форумда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечегине арналган пленардык талкууда “Узэлтехсаноат” ассоциациясынын төрагасы Мирзиёд Юнусов билдирди.

Анын айтымында, өндүрүштү 200 акылдуу эсептегич менен баштоо пландалууда. Келечекте Өзбекстандан Кыргызстанга лифттерди жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

“Программанын алкагында эсептегичтерди эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча адистештирилген ишканаларды, ошондой эле бирдиктүү лифт диспетчердик борборун түзүү каралууда”, - дейт ал.

Аны менен бирге Өзбекстандан Кыргызстанга электр жабдууларын, тактап айтканда, мамлекеттик долбоорлордун муктаждыктары жана ички керектөө үчүн кабелдик-зым буюмдарын, турмуш-тиричилик техникасын жана энергетикалык жабдууларды жеткирүүнү кеңейтүү пландалууда.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Маалымат үчүн: Бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий