• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дастан Лепшаков бильярд боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Дастан Лепшаков бильярд боюнча "Minsk Cup 2019" аталышындагы эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу billiardsport.ru сайты билдирет.

Мелдеш 3-7-декабрда Беларустун Минск шаарында өткөн.

Лепшаков мелдештин 1/8 финалынан баштап катышкан. Ал өзбекстандык Сухроб Пирматов, россиялык Александр Муравьев жана беларус спортчусу Евгений Салтовскийди утуп алган. Финалда украиналык Дмитрий Белозеров менен оюн өткөрүп, аны 6:2 эсебинде артта калтырган.

Пикир

Оставить комментарий