• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Дастан” жана “Рособоронэкспорттун” ортосунда 459 млн сомдук келишим түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда “Дастан” трансулуттук корпорациясында 459 млн сомго аскер-техникалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Аталган келишим “Дастан” ТУК жана “Рособоронэксполрт” акционердик коомунун ортосунда түзүлду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Дастан” корпорациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан Россиянын аскер-деңиз флотуна торпедалар үчүн жабдуулардын 54 модулун жеткирет.

“Дастан” корпорациясынын төрагасы Талант Иманов 2017-жылы россиялык «Дагдизель» заводун атайын жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн фабрикалар аралык кызматташуунун алкагында атайын продукция чыгарылганын белгиледи.

“Бул келишим россиялык өнөктөштөргө «Дастан» ТУК суу астындагы деңиз курал-жарактары үчүн запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды жеткирүү боюнча мүмкүнчүлүгү али түгөнө электигин көрсөттү жана КРнын аскердик-өнөр жай комплекси Россиянын тиешелүү ишканалары менен мамлекеттер аралык, заводдор аралык кызматташууну калыбына келтирүүгө жол ачат деп ишенебиз”, - деди Иманов.

Ал аталган келишим Кыргызстан менен Россиянын аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсундө мамлекеттер аралык мамилени кабылына келтирүүгө жол ачат деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий