• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дастан Жумабеков билим берүү министрин жактады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеваны жактады.

Төраганын жыйынтыктоочу маалымат жыйынында, билим берүү министрине айтылган сын-пикирлер, анын ичинде аттестаттардагы каталар боюнча айтылган сындарга байланыштуу ал кызматка ылайык келеби деген суроо жаңырды.

Жумабеков, министр тараптан кемчиликтер болсо, алар өкмөткө сунуш келтирерин билдирди.

"Бирок, бүгүнкү күнү ал министрдин жасап жаткан жакшы иштери бар. Маселен, мектептерге жазылуунун электрондук системасын киргизүү. Мен туугандарым аркылуу текшердим. Система иштеп жатат. Мен да ал формалдуулук деп ойлогом", - деди ал.

Ошондой эле төрага, билим берүү министрлигин алыскы айылдарга интернет тартып жатканы үчүн мактап өттү.

"Эгер кайсы бир бузуулар болсо, кетиш керек. Бүгүнкү күнү аны кызматтан кетирүүгө негиз жок", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий