• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дастан Жумабеков окуучуларга клей сатылышына тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өкмөткө кайрылып, сатуучулардын окуучуларга клейдин кээ бир түрлөрүн сатуусуна тыюу салууну сунуштады

Анын айтымында, окуучулар клейдин айрым түрлөрүн жытташ үчүн сатып алышат.

"Мындай жол менен алар өз ден-соолугуна зыян келтирип, баңгилик жолуна түшүп жатышат. Менимче, Саламаттыкты сактоо министрлиги жумушту күчөтүп, анын зыяны тууралуу маалымат бериши керек. Видеоролик тартса да болот", - деди төрага.

Ал эми саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев анын пикири менен макул болуп, бул багытта иш алып барарын убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий