• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дастанбек Жумабеков бир катар спортсмендерди Ардак грамота менен сыйлады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Бүткүл дүйнөлүк “Кулатуу Эртаймаш” Улуттук күрөш федерациясынын президенти, “Бакубат Келечек” кайрымдуулук уюмунун негиздөөчүсү Руслан Кыдырмышев менен Эрежесиз эр таймаштын бразилиялык “вале-тудо” версиясы боюнча федерациясынын вице-президенти Талант Жаманаковду Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлады. Ошондой эле Жаманаковго энчилүү саат ыйгарылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, Руслан Кыдырмышев бала чагынан таэквандо, джиткундо, кулатуу сыяктуу ар кандай спорт түрлөрү менен машыккан. Ал таэквандо боюнча кара курдун ээси. 2015-жылы “Жаштар баңгизатка каршы” аталышындагы социалдык долбоордун башында турган. 2016-жылы “Бакубат-Келечек” кайрымдуулук уюмун негиздеген.

Ал эми Талант Жаманаков коомчулукка жеке ишкер жана меценат катары таанымал. Жаштайынан таэквандо менен машыгып, эрежесиз эр таймаш менен да алектенген. 2015-жылы эрежесиз эр таймаштын бразилиялык “вале-тудо” версиясы боюнча федерациясынын вице-президенти болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий