• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дастанбек Жумабеков Өзбекстан Олий Межлисинин cенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.09.18 /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Межлисинин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков Олий Межлистин депутаттарынан турган жогорку даражалуу меймандарды Ош шаарынан тосуп алып, жолугушуунун аталган калаада өтүп жатышы кыргыз-өзбек алакасы үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Муну менен катар түштүк борборубузда жана Ош облусунда 80дей улут ынтымакта жана биримдикте жашап жатканын кошумчалады.

Андан тышкары Төрага эки тараптуу байланыштар тууралуу сөз кылып жатып, 2017-жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинин жаңы барагын ачкан тарыхый жыл болгонуна токтолду. Буга далил катары жогорку деңгээлдеги иш сапарлар алкагында бир катар маселелерди чечүүгө жана конструктивдүү диалогду камсыздоого багытталган келишимдер жетишилгенин айтсак болот. Анын ичинен эки мамлекетти бөлүп турган эң маанилүү чек ара маселеси чечилип, азыр достуктун чек арасына айланды.

Биз өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин жаркын келечеги үчүн жетишилген келишимдерди, коңшулук жакшы мамилени жана кызматташтыкты бекемдеп, кыргыз-өзбек алакасынын өнүгүшү үчүн тынымсыз аракет көрүүбүз кажет. Бул жаатта Жогорку Кеңеш менен Олий Межлис ортосунда кызматташтык жөнүндөгү Меморандумда белгиленген парламенттер аралык байланыш негизги ролу ойнойт", - деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Төрага атактуу жазуучу, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Өзбекстанда да өткөрүү боюнча кабыл алынган чечим үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Өзбекстан Олий Межлисинин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев
да жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Андан тышкары, ал эки элдин досук мамилеси мындан ары да чыңдала берерине ишенерин кошумчалады.

Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү зарылчылыгына токтолгон Нигматилла Юлдашев: "Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда өз ара соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча зор тажрыйба топтолгон. Алсак, ушул жылдын январь айынан июль айына чейин эле соода алакасынын көрсөткүчү 80%га өстү. Бирок бул көрсөткүч эки эл ээлик кылган мүмкүнчүлүккө туура келбей тургандыгын да кабыл
алышыбыз керек. Андыктан алдыбызда көрсөткүчтөрдү көтөрүү тапшырасы турат", - деп билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар парламентаризмди өнүктүрүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө максатында тажрыйба алмашуу үчүн өз ара иш сапарларды уюштуруу жаатында ой бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий