• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дастин Порье: "Турмуштун дагы бир оор сабагы үчүн Хабибге рахмат"

Спорт 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмак чениндеги мурунку (убактылуу) чемпиону Дастин Порье өзүнүн Инстаграм баракчасына билдирүү калтырып, анда россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго ыраазычылыгын билдирген.

"Баары жөн жерден болбойт. Бул менин саякатым жана ал өзгөчө. Турмуштун дагы бир оор сабагы үчүн Хабибге рахмат. Эч кандай шылтоо, эч кандай өкүнүч жок", - деп Порье жазып чыкты.

UFC 242 турниринин алкагында америкалык мушкер Дастин Порье россиялык Хабиб Нурмагомедовго жеңилип калган.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, беттеш тууралуу сөз кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий