• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Давыдов мөңгүсүнүн алдынан 200 тонна алтынды казып алуу керек - Асанкожоев

Коом 0

Бишкек, 10.11.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Давыдов мөңгүсүнүн алдынан 200 тонна алтынды казып алуу керек, себеби мөңгүгө таасир берилип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү маселесин талкуулоо тегерек үстөлүндө КР ӨКМ алдындагы Кыргызгидромет борборунун директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев билдирди.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө ал Кыргызстандын өкмөтү тарабынан түзүлгөн илимий-изилдөө тобунун отчетун келтирди.

Асанкожоевдин айтымында, учурда Давыдовдун алдында негиз жок, ошондуктан кыймыл активдүү жүрүп жатат.

“Эксперттик топ Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөр эрүү тенденциясына ээ, бул деградация деп аталат деген жыйынтыкка келишти. Бул процесс жүрүп жатат, темпи чоң. Бул процесс Кумтөрдүн иши менен байланыштуу. Давыдов мөңгүсүнө өндүрүш процесстери катуу таасир берген. Лысый мөңгүсүнө түз таасир болгон эмес. Анда буга чейин калдыктар сакталган”, - деди ал.

Рыскелди Асанкожоев Давыдовду жылдыруу процесси жүрүүдө, анткени мөңгү – бул жандуу масса, ал кыймылга келүүгө жөндөмдүү экенин билдирди.

“Учурда Давыдов мөңгүсүнүн 2/3 бөлүгү жок, бирок анда 200 тонна алтын калууда. Аларды казып алуу керек, анткени мөңгүгө таасир берилди жана эч кандай өзгөрүү болбойт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий