• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ДЧ тандоо туру: “Ак шумкарлар” Монголиянын курамасына 0:1 эсебинде утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 07.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголиянын командасы менен оюн өткөрдү.

Беттеш Япониянын Осака шаарында болду. Оюнда жалгыз голду 34-мүнөттө монголиялык футболчу Оюнбаатар Мижиддорж киргизди.

Кыргызстандык дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев коронавируска шектелип, оюн талаасына чыккан жок. Дарбазанын ордуна коргоочу Айзар Акматов турду.

Эскерте кетсек, буга чейинки оюнда Кыргызстандын командасы Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.

Кыргызстандын командасы 11-июнда Бишкек убактысы менен саат 13:00дө Мьянманын курамасы менен оюнга чыгат.

Белгилей кетсек, “Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 7 упайы менен үчүнчү орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий