• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дээрлик 1 млн сом. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан фактылар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Бажычылар ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кургак материалдар үчүн полипропилен ийкемдүү контейнерлер Өзбекстандан алынып келип, алуучунун кампасына убактылуу сактоого коюлуп, бажы көзөмөлүндө турганы аныкталган.

"Бирок, текшерүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн товарлар алуучунун кампасында жок болуп чыкты. Бул бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы болуп саналат. Бажы төлөмдөрүнүн суммасы 970 миң 441 сомду түздү", - деп белгилешти Бажы кызматынан.

Факт кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтык журналына катталып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий