• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дээрлик 3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат

Коом 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Дээрлик 3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары 453 аскер кызматкери батирлүү болгон.

"Батирлер Баткен, Ош жана Бишкекте болгон. Учурда батир алуу жана турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча 2,5-3 миң аскер кызматкери кезекте турат. Бул жылы Ошто 216 батир жана Бишкекте 81 батирди берүүнү пландап жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий