• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дээрлик 355 миң салык төлөөчү «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук кызматын колдонууда

Экономика 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-сентябрына карата “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервисине бардыгы болуп 354 миң 885 салык төлөөчү кошулган, алардын ичинен 52 миң 531 юридикалык жак, 302 миң 354 жеке жак. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 1-июлунан баштап бардык салык төлөөчүлөр үчүн электрондук санариптик кол тамганын (мындан ары - ЭСК) жардамы менен салык отчетторун берүү боюнча электрондук кызмат көрсөтүүлөр ишке киргизилген, бул салык төлөөчүлөрдүн жана салык органдарынын түздөн-түз байланышын кыскартууга мүмкүндүк берди.

2021-жылдын 21-сентябрына карата 26 миң 389 салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы пайдалануу менен салык отчетторун беришүүдө.

Эскерте кетсек, Салык кызматы жакшыртылган архитектурасы менен жаңы «Салык төлөөчү кабинети” системасын иштеп чыгууда.

Анын ичинде, анын артыкчылыктары жогорку өндүрүмдүүлүгү, жөнөкөйлөтүлгөн кызмат, зарыл болгон маалыматтарды издөө ылдамдыгын жогорулатуу болот.

Ошондой эле, жаңы тиркемеде колдонуудагы функционалдардан сырткары, салык кызматынын “ЭСФ”, «онлайн-ККМ”, «Жыйынды пост” сыяктуу ж.б. системаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн бир эле убакта берүү менен жеке адамдарды жана жеке ишкерлерди онлайн түрүндө каттоо мүмкүнчүлүгү каралган. Маалымкаттарды/чечимдерди алууга билдирүүлөрдү жана арыздардын бардык түрлөрүн электрондук түрдө жана “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу берүүгө болот.

Ошондой эле, мүлккө болгон укуктарды каттоону жана салыктардын бардык түрлөрүн төлөөнү жүзөгө ашыруучу орган тарабынан берилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды карап чыгуу мүмкүн боло баштайт.

Уюмдардын жетекчилери үчүн анын уюмунун кызматкерлери болгон колдонуучулардын кирүү укугун башкаруу боюнча административдик панель каралган.

Пикир

Оставить комментарий