• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дээрлик 700 чет өлкөлүк жаран Татарстандан чыгарылды. Алардын арасында КР жарандары дагы бар

Коом 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Дээрлик 700 чет өлкөлүк жаран Татарстандан чыгарылды. Алардын арасында КРнын жарандары дагы бар. Бул тууралуу россиялык басылмалар билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, ушул жылдын 9 айында Татарстандан чыгарылган чет өлкөлүктөрдүн саны 686 адамды түзгөн.

Россия Федерациясында жүргөндө режимди бузгандардын көпчүлүгү Өзбекстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын жана Украинанын жарандары.

Былтыркы жылдын 9 айында республикадан 693 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий