• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дээрлик 900 млн сом. Мамлекетке зыян келтиргендиги үчүн бир катар адамдарды жоопко тартуу каралууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Мамлекетке 893 млн сом зыян келтиргендиги үчүн Албек Ибраимов жана башкаларды жоопко тартуу жана зыянды өндүрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз транспорттук прокуратурасы «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жооптуу адамдарынын эл аралык каттамдарга жана жүк ташуу үчүн чет элдик «Гата эйрлайнс» компаниясына жеңилдиктерди бергендиги боюнча мыйзамсыз туруктуу коррупциялык схемасын аныктап чыккан.

Аталган чет элдик компанияга мыйзамсыз жеңилдиктерди берүүнүн натыйжасында, «Манас эл аралык аэропорту» ААКнын 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык схеманын кесепетинен 12 млн АКШ доллары же 893 млн сомдук ири өлчөмүндө мамлекетке зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча азыркы учурда шектүү катары «Манас» эл аралык аэропортунун» дирекциясынын мурдагы башчысы Н.Белеков кармалган. Азыркы учурда бул соттук өндүрүш боюнча «Манас» эл аралык аэропортунун» директорлор кеңешмесинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, ошол эле мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуевди, ошондой эле акционердик коомдун башка жоопту кызматкерлерин, Мүлк фондунун жана Монополияга каршы агенттиктин жоопту кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралууда.

Пикир

Оставить комментарий