• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Дээрлик көбү кош бойлуу аялдар. Москвадан 372 кыргызстандык учуп келет

Коом 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Москва шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен 372 кыргызстандык учуп кетти. Бул тууралуу КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү 319 кош бойлуу аял, ошондой эле 2 жашка жете элек бала менен 53 эне жөнөтүлдү.

Бардык кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалымкат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.

Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору “бизнес-класс” багытынан орун алган 26 жаран жөнөтүлдү.

Негизинен алар оорукчан жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу чыккан аялдар болду. Мындан сырткары, россия тарабынан бул каттамга РФнын жарандары болуп саналган 5 жаран киргизилди.

Аталган авиакаттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушалган Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү жана дарыгер, юристтер кирген байкоочу кеңештен турган жумушчу топтун жыйынында бекитилген.

Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө бардык маалымкаттар текшерилип, кош бойлуулар катталып, УЗИ корутундуларын алган тийиштүү медициналык мекемелерге чалышып, аныктыгы тастыкталды.

Дарыгерлердин корутундусу боюнча 33 кош бойлуу аялга учууга уруксат берилген жок, себеби, мөөнөтү чоң болгон жана ар кандай патологиялары катталган (учуу үчүн тизмеге жазылган эки кош бойлуу аял каттам учканга чейин көз жарышкан).

"Учуп кеткендердин тизмесин жарыялоо тууралуу жарандар үчүн жеке мүнөздөгү маалымат тууралуу 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Элчилик КРнын жарандары тууралуу маалыматты алардын макулдугу жок жарыялай албай тургандыгын маалымдайбыз. Кезекте дагы 1500дөй оорулуулар, боюнда бар аялдар, жашы жете балдар, улгайган жарандар турат. Сабырдуулук менен күтүп турууну өтүнөбүз. Россиядан Кыргызстанга чартердик рейсти уюштуруу боюнча жумушчу топтун жана штабдын ишмердүүлүгү уланууда. Жарандардын тынчсыздануусун түшүнүү менен Россиядан Кыргызстанга жумасына бир жолу авиакаттам уюштуруу пландалып жаткандыгын ишендирип кетебиз. Жогорудагы категорияга кирген жарандар июнь ай ичинде мекенине жөнөтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Элчиликтин алдындагы штаб жогорудагы категорияларга кирбеген, бирок Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандарды сабырдуулукка жана авиа байланыштардын жана россия-казакстан чек арасынын расмий ачылышын күтүүгө чакырат. Карантинге байланыштуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен чек ара бүгүнкү күнү жабык экендигин эскертет.

Ошондой эле штаб жарандарды автобустар менен кетүү тууралуу алдамчылардын сунуштарына макул болбоого чакырат. Автобус жана авиа каттамдардын уюштурулушу тууралуу социалдык тармактарда WhatsApp тайпаларда таркатылып жаткан маалыматтар жалган.

"Ага байланыштуу мамлекеттик расмий булактарда жарыяланган маалыматтар менен иш алып барууну, Россияда бекитилген санитардык-медициналык эрежелерди жана жеке саламаттыкты сактоону өтүнөбүз", - деп кошумчалашты штабдан.

Пикир

Оставить комментарий