• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Дээрлик көбү расмий тилде". Бишкекте кыргыз тилинин абалы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйын өттү.

Жыйында мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана анын абалы, ошондой эле президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгынын аткарылышы талкууланды.

Иш-чарага президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын эксперти Данияр Сүйүнов, Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков жана башкалар катышты.

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын эксперти Данияр Сүйүновдун айтымында, “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынганына быйыл 33 жыл толгонуна карабастан, бүгүнкү күндө кыргыз тилди өнүктүрүү маселеси дагы эле толук ишке аша элек.

“Буга чейин кыргыз тилди колдоо боюнча жигердүү аракеттер көрүлгөнү менен кескин өзгөрүү байкалбай келет. Мамлекет тарабынан эми эне тилди колдоо, өнүктүрүү жана жайылтуу багытында аракеттер көрүлө башталды. Учурда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы маморгандарда кыргыз тилдин колдонулушу жана анын абалы боюнча өлкөнүн бардык аймактарында жыйын өткөрүүдө”, - дейт Сүйүнов.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев өлкөнүн түштүк облустарын кыдырып, тиешелүү мекемелердин иш кагаздарында мамлекеттик тилдин колдонулушу текшерилгенин айтат.

“Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө өзгөчө жетекчи аткаминерлердин түбөлүк камкордугу зарыл. Бирок ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында министрликтердеги иш кагаздардын кайсы тилде жүргүзүлүшү боюнча маалыматты карасак, иш кагаздардын расмий тилде болушу Экономика жана коммерция министрлигинде 89 пайыз, Финансы министрлиги 78 пайыз, Тышкы иштер министрлигинде 88 пайыз, Саламаттык сактоо министрлигинде 73 пайызды түзөт. Кубандырганы, Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилдин көп колдонушу болууда. Ал эми президенттин администрациясы, парламент, министрлер кабинетинен келген документтердин дээрлик 70 пайызы расмий тилде болууда”, - дейт ал.

Осмоналиев калкты тейлөө борборундагы иш кагаздарды, тез жардам, өрт өчүрүү сыяктуу кызматтарда мамлекеттик тилдин колдонулушун жогорулатып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин сүйлөө маданиятын өстүрүү керек деген сунушун айтып өттү.

Иш-чарага мамлекеттик тилге кайдыгер карабаган 300дөй адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий