• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дэйна Уайт: Конор менен Хабиб өз атаандаштарын жеңсе, UFC экөөнүн ортосунда беттеш өткөрүүгө даяр

Спорт 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт ирландиялык Конор Макгрегор менен россиялык Хабиб Нурмагомедовдун ортосунда кайсы учурда реванш өткөрүүгө болот экенин айтканын Sports.ru басылмасы жазат.

UFC уюмунун президенти эки мушкердин реваншын өткөрүү мүмкүн экендигин айтат.

"Конор атаандашы болгон Дональд Серронени жеңиши керек. Жеңүү кыйынга турат, анткени Серроне өзүнүн жарым орто салмагында беттешет. Макгрегорго дагы салмак кошуусу керектелет. Ошондой эле Хабиб Тони Фергюсонду жеңиши керек. Эгер экөө тең каршылашын жеңишсе, анда реванш өткөрүүгө даярбыз", - дейт Уайт.

Макгрегор 18-январда Лас-Вегастагы UFC 246 мелдешинде америкалык Дональд Серроне менен беттеш өткөрөт. Ал эми Нурмагомедов 18-апрелде Нью-Йоркто Тони Фергюсон менен бирге октагонго чыгат.

Эскерте кетсек, UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт буга чейин Макгрегор атаандашы болгон Серронени жеңип, Нурмагомедов менен кайра беттешүүгө ынтызар экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий