• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Декабрда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Декабрь айында Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1...-3°суук, тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан -6…-11 градус суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° сууктан -9…-14° суукка чейин, күндүз -2° суук...+3° жылуулуктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 32-34 мм, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 17-27 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -2…-4 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -7…-12° суукка чейин, күндүз -3° суук …+2° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (22-23 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1° суук…+4° жылуулуктан, -3…-8° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3° суук…+2° жылуулуктан -4…-9° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 5…10° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 28-52 мм, тоо этектериндеги райондордо 47-86 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0...-2° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -3... -5° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7° сууктан, чыгыш тарабында кээ бир күндөрү -8…-13° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 0...5° жылуу болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-12 мм, чыгышында 19-26 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -10…-12°, Кочкор районунда -7...-9 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11° сууктан -15…-20° суукка чейин, күндүз -2º суук …3° жылуулуктан -6…-11° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -10…-15° сууктан -20…-25° суукка чейин, күндүз -3...-8° сууктан -9...-14° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (3-15 мм).

Жайыттар зонасы - Алай өрөөнү;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 12…14° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17° сууктан 20…25° суукка чейин, күндүз 4…9° сууктан 10…15° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (20-22 мм).

Суусамыр өрөөнү;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -15…-17° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18° сууктан 24…29° суукка чейин, күндүз 1…6° сууктан 7…12° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (21-23 мм).

Пикир

Оставить комментарий