• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Декабрда Кытайда Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү пландалган - Ло Шуган

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Кытайда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш чараларды өткөрүү пландалган. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ло Шуган КРнын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова менен болгон жолугушууда билдирди.

Ло Шуган Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп: "Чыңгыз Айтматов Кытайда абдан сыйлуу инсан болуп саналат. Аны Кытай жарандарынын абдан жакшы билишет жана эстешет. Жеке мен өзүм жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп тааныгам. Алардын ичинде “Биринчи мугалим”, “Ак Кеме” чыгармалары бар. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Кытайда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш чараларды өткөрүү пландалган”- деп билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова эки өлкөнүн туристтик компаниялары ортосунда тыгыз кызматташтыкты орнотуу зарылдыгын баса белгиледи. Эки өлкө ортосунда маданий жана археологиялык мурастарды сактоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенишүү тууралуу сүйлөшүүлөр орун алды.

Тараптар Кыргызстандын аймагында адистер менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгы тууралуу өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Пикир

Оставить комментарий