• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Делбирим” кыргыз-өзбек тасмасынын бет ачары декабрда өтөт

Маданият 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган “Делбирим” тасмасын тартуу иштери аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине кинонун продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди.

Ал 2018-жылдын сентябрь айында КРнын Кинематография департаменти “Узбеккино” агенттиги менен биргеликте биргелешкен кино өндүрүшү боюнча кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшканын билдирди.

Документтерге КРнын Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жана “Узбеккино” улуттук агенттигинин директору Фуркад Зокиров кол коюшту.

“Делбирим” тасмасы биздин биринчи биргелешкен долбоорубуз. Кийинки долбоорду келе жаткан жылы тартууну пландап жатабыз. Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде болбойт, сценарий заманбап тематикага ылайыкталган. Анда өзбек кызы кыргыз жигитти сүйүп калып, окуя алардын мамилесинин тегерегинде өнүгөт. Тартуу иштери Ташкент жана Ысык-Көлдө өтөт”, - деп белгиледи ал.

Меморандумдун экинчи беренеси кадрдык ресурстардын ротациясы болду. КРнын жана Өзбекстандын кино ишмерлери тажрыйба алмашат. Алардын тасмалары Кыргызстанда, биздики Өзбекстанда көрсөтүлөт.

“Делбиримди” тартуу иштери эч кандай тоскоолдуксуз аяктады. Бардыгы план боюнча болду. Режиссёр биздин актрисалардын ойногонуна купулу толуп, ыраазычылыгын билдирди. Аларга өзбек тасмаларына тартылууга сунуш киргизишти. Борбордук Азияда жана Россияда белгилүү болгон өзбек актёрлору Адиз Раджабов жана Улугбек Кадыров жөнөкөй жана адамгерчиликтүү экен. Биздин кыргыз актёрлор мындай деңгээлде болсо, эчак эле “учуп кетишмек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Раджабов популярдуу “Супер келинчак” тасмасында башкы ролду аткарган. Ал эми Кадыров “Фатима жана Зухра” тасмасына тартылып, көптөгөн кыздарды ыйлаткан.

Жакыпбекова Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаевага жана Бектеналиевге колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Бул долбоор боюнча өкмөткө, аппаратка жана маданият министрине кайрылганда эч ким ишенген эмес. Биздин аткаминерлерге бул идея реалдуу эместей көрүндү. Бизге башында эле ишенип, колдоо көрсөткөн жалгыз аткаминер – Айнура Султанбаева. Мен жана тартуучу топ ага ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди ал.

Уникалдуу долбоордун бет ачары үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында – Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн алдында болот.

“Бүгүнкү күндө монтаждоо, түстөрдү тууралоо жана үн коштоо иштери жүрүп жатат. Биз учурда ушунун үстүндө иштеп жатабыз”, - деди кинонун продюсери Жакыпбекова.

Пикир

Оставить комментарий