• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Делбирим” тасмасы Түркияда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 17.12.18./Бишкек/. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган кыргыз-өзбек “Делбирим” тасмасы Түркияда көрсөтүлөт. Бул тууралуу кинонун продюсери Перизат Жакыпбекова социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Тасманын көрсөтүлүүсүн "DANpro" студиясы жана "Kyrgyz Youth - Кыргызстан Жаштары" клубу уюштурууда.

“Делбирим” тасмасы Түркиянын төрт шаарында коюлат. Алгач тасма Стамбулда 22-23-декабрь, Кастамонуда 24-декабрда коюлуп, андан кийин Анкарада 25-декабрь, Анталияда 27-декабрда көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, тасма Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” чыгармасынын негизинде тартылган.

Тасма Өзбекстандагы Наманган облусунун Нанай жана Гова айылдарында, Ташкент облусунда жана Кыргызстанда – Ысык-Көлдө тартылган.

Башкы ролдордо - Ильяз жана Байтемирди өзбек актерлору Адиз Ражапов жана Улукбек Кадыров ойногон. Асель жана Кадичанын ролун кыргыз актрисалары Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы аткарышкан.

Тасманын сценарийин кыргыз драматургу Керез Зарлыкова, тасманы өзбек режиссеру Сарвар Каримов тарткан.

Пикир

Оставить комментарий