• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Делегат: Армияда балдардын өлүмү үчүн коргоо министрин трибуналга бериш керек

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Кемин районунан келген делегат Сартпай Курманалиев армиядагы “дедовщина” маселесине токтолду.

"Коргоо министрлигинде терең реформаны жүргүзүү керек. Кыргыз армиясындагы “дедовщинанын” айынан алты айда алты бала өлүп кетти. Эмне үчүн коргоо министри (ред.: Бактыбек Бекболотов) жооп бербейт, аны трибуналга бериш керек. Уставга каршы иштер аткарылса, курултайдын делегаттарынын алдында көзөмөлгө алынсын”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий