• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Делегат: Талас шаарында бала бакчада болгону 1300 орун болсо, кезекте 3,5 миң бала турат

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Талас шаарынан келген делегат Жакыпбек Айдаров өз аймагындагы көйгөйлөр менен бөлүшүп кетти. “Талас шаарында 1970-жылдары 75 чакырымга жер алдындагы суу түтүгү курулган. Азыркы күндө эскилиги жетти. 7 чакырымга созулган канализация учурда иштебей турат. Ал эми мектепте бир эле класста 45-50 окуучу окуйт. Бала бакчада болгону 1 миң 300 орун бар. Бирок кезекте дагы 3 миң 500 бала турат”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий