• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дем ал, Кыргызстаным! MegaCom'дун кызматкерлери дарыгерлерге ыраазычылык иретинде клип даярдашты

Коом 0


Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. MegaCom командасы дем берүүчү "Дем ал, Кыргызстаным" аталышындагы видеоклибинин бет ачарын жасашты. Байланыш оператору өлкө азыркыдай оор кырдаалда турганда алдыңкы сапта эмгектенип жаткан дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине жана ыктыярчыларга креативдүү жол менен ыраазычылык билдирүүнү чечти.

Компаниянын маалымат кызматынан билдиргендей, композитор Крис Кельманын обонуна жазылган ырдын сөзүнүн авторлору жана аткаруучулары - MegaCom компаниясынын кызматкерлери.

"Мекендештерге күч биримдикте экенин эскерткибиз келет! Ушундай оор күндөрдө биримдик менен гана көзгө көрүнбөгөн душманды жеңе алабыз. Бардык кыргызстандыктарга бекем ден соолук, күч-кубат жана чыдамкайлык, ошондой эле жаркын келечекке болгон ишенимди каалайбыз. MegaCom ата мекендик байланыш оператору ар дайым жардам колун сунууга даяр! Ар бириңиздерди колдоого багытталган бул видеотасманы сиздерге - биздин сүйүктүү Кыргызстанга арнайбыз, достор", - деп белгилешти компаниядан.

Пикир

Оставить комментарий