• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык декларациясын кабыл алуу 1-апрелде аяктайт

Экономика 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Салык мыйзамынын талаптарына ылайык, Бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү дем алыш күнүнө туш келгендигине байланыштуу, салык декларациясын берүү мөөнөтү 1-апрелде аяктайт.

Салык кызматынан кабарлашкандай, декларациясын тапшыра элек жарандар калган күндөрү, анын ичинде 1-апрелде саат 9дан баштап түн ортосуна чейин тапшыра алышат.

Эске салсак, аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Ал эми декларацияны өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата айыптан тышкары, ал декларанттардын тизмелерин прокуратура органдарына өткөрүп берүү менен жарыялоо каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 194 номуру аркылуу Маалымат борборунан жеwww.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий