• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дем алыш күндөрү Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айыл чарба жарманкеси саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин борборундагы Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт. Анын максаты өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы ортомчулардын санын азайтуу менен чекене бааларды кармап туруу.

Министрликтен белгилегендей, жарманке 2022-жылдын май айына чейин дем алыш күндөрү өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий