• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дем алыш күндөрү Бишкектин борборунда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Бишкек шаарынын борборунда айыл чарбажарманкеси өтөт. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын борборунда 8-9 январда жарманке өтөт.

"Чүй облусунун бардык районунан жана Бишкек шаарынан келген фермерлер , сатып алуучуларга эт жана сүт азыктарын, бал, балык, жашылча-жемиштерин жаңы жылдык дасторконго сунуштайт. Тамак-аш продукциясын ортомчусуз өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатып алсаңыз болот", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Белгиленгендей, жарманке Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий