• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дем алыш күндөрү мас айдоочуларга 700 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Бишкекте дем алыш күндөрү кайгуул кызматкерлери тарабынан 40 мас айдоочу аныкталып, аларга 700 миң сом айып салынды.

Аталган кызматтан билдиришкендей, учурда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, жарандар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алууда. Анын себептери айдоочулар жол эрежелерин так сактабагандыгы болууда.

Милициянын кайгуул кызматкерлери дем алыш күндөрү атайын жол кырсыктарынын алдын алуу багытында иш-чара өткөрүп, эки күндүн ичинде 1 миң 639 жол эрежелерин бузуу фактысын аныктады.

Алардын ичинен:

- Мас абалында унаа башкаруу - 40 айдоочу (700 миң сом айып салынды);

- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 15;

- Айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу - 25;

- Башка жол эрежелерин бузуулар – 1 миң 559.

Жалпы 105 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий