• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дем алыш күндөрүнө байланыштуу БСД тапшыруунун мөөнөтү 2-апрелде аяктайт

Экономика 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Бирдиктүү салык декларациясын берүүнүн акыркы күнү дем алыш күнүнө туш келгендиктен, салык декларациялары 2-апрелде да кабыл алынат. Бул тууралу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Андыктан, декларация тапшырууга үлгүрбөй калган жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар калган күндөрү, анын ичинде 2-апрелде да тапшыра алышат.

Жарандарга ыңгайлуу болуу үчүн бардык салык органдары БСДны деп алыш күндөрү жана 2-апрелде саат 9.00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий