• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө 26 мас айдоочу аныкталды, алардын көбү туристтер (видео)

Коом 0


Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. 3-5-июль аралыгында Ысык-Көл облусунун аймагында мас абалында унаа башкарган 26 айдоочу аныкталды.

Аймактык ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, жайкы туристтик сезон учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп жатат.

Рейддин жыйынтыгы көрсөткөндөй, 3-5-июль аралыгында Ысык-Көлдүн аймагынан жол кыймылынын эрежесин бузган 133 бузуу фактысы аныкталган, анын ичинен 26 айдоочу унааны мас абалында башкарган.

"Милиция мас абалында унаа башкаргандарга 17500 сом айып салына турганын эскертип, дем алыш күндөрүн тынч өткөрүп, эс алууңузду бузбоо үчүн жол эрежесин сактоого чакырат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий