• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дем алышта айланма жолдо кырсык катталып, 5 адам каза болду (тизме)

Кырсык 0


Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. 3-сентябрда 22:00дө Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 14-чакырымында ири унаа кырсыгы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиргендей, “БМВ” унаасы каршы тилкеге чыгып, “Мазда” унаасы, андан кийин “Мерседес-Бенс” менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болду:

1. К.С.З. 1986-жылы туулган, “БМВнын” айдоочусу;

2. А.А.А. 1994-жылы туулган, “Мазда демионун” айдоочусу;

3. К.З.Т. 2002-жылы туулган, “БМВнын” жүргүнчүсү;

4. Ж.А.Э. 2017-жылы туулган, “БМВнын” жүргүнчүсү;

5. К.Х.М. 1951-жылы туулган, “БМВнын” жүргүнчүсү.

Жабыркагандар:

1. Ш.С.Ш. 2006-жылы туулган;

2. Ж.А.Э. 2019-жылы туулган;

3. М.Б.К. туулган жылы такталууда.

Жабыркагандардын бары Ысык-Ата райондук ооруканасына жаткырылган.

Ведомстводон тактагандай, “БМВнын” жүргүнчүлөрү “Гавайи” эс алуу борборунда болушкан.

Пикир

Оставить комментарий