• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Демөөрчү керек. Владислав Шулико Гиннес китебине каражаттын айынан кире албай жатат

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. “Дасмия” компаниясынын фитнес-директору Александр Кузнецов Бишкектеги маалымат жыйын учурунда Шуликонун эмгеги эмне үчүн Гиннес китебине кирбей жатканын айтты.

“Гиннес китебине билдирүү калтыруу бүгүнкү күндө бир топ каражатты талап кылат. Ал каражат биздин командада жок”, - дейт ал.

Кузнецов бул багытта жардам көрсөтө турган демөөрчүлөр менен иштешүүгө даяр экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, Владислав Шулико 181 чакырымга созулган Ысык-Көлдү узунунан сүзүп жаңы рекорд койгон. Ал 22-августта Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан баштап сүзүп, 27-августта саат 15:30дар чамасында Балыкчы шаарындагы “Алия” эс алуу жайына келген.

Пикир

Оставить комментарий