• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Муфтият: «Ак-Ордо» жаңы конушундагы мечиттин шарттары жакшырууда

Коом 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен «Ак-Ордо» жаңы конушундагы «Хулафа-и Рашид» мечитинин шарттары жакшырууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул ирет мечиттин имамы Алтынбек ажы Шайдуллаевдин демилгеси менен мечитке толугу менен жаңыдан килем салынды. Мындай сооптуу ишти атын атагысы келбеген момун мусулмандар ишке ашырган.

«Биздин «Ак-Ордо» конушунда чындыгында мечитке келүүчү жамаат өтө көп. Аракет кылып мечитибиздин килемдерин жаңыладык. Буюрса колдон келген шарттарды түзүп, мечитке келген киши ибадат кылуу менен бирге өзүнүн жан дүйнөсүн да азыктандырып кетиши керек. Ал үчүн колдон келген шарттарды түзүүгө аракет жасайбыз. Салымын кошкон ар бир мекендештен Аллах Таала ыраазы болсун»— деди Алтынбек ажы.

Пикир

Оставить комментарий