• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Демилгелери жок. Абылгазиев Нарындагы жергиликтүү органдардын жетекчилерин сындады

Өкмөт 0

Бишкек, 25.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө аймактын жергиликтүү органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы ар кыл тармактарда Өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик саясаттын жана реформалардын негизги багыттарына токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө Премьер-министр райондук акимдерге республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган инфратүзүмдүк жана социалдык объекттердин курулушунун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү, коомдук жашоонун жана экономиканын бардык тармактарында кеңири статистика жүргүзүүнү тапшырды.

«Биз жаңы жумуш орундарын түзбөстөн, экономиканы көтөрө албайбыз. Бул багытта ишкерликти өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп, жаңы ишканаларды жана жумуш орундарын түзүүнү каалаган жаштарды колдоого тийишпиз. Инфратүзүмдүк объекттердин курулушун, айрыкча калкты таза суу менен камсыздоо боюнча жана билим берүү мекемелерин тийиштүү көзөмөлгө алгыла. Бүгүн биз тилекке каршы жергиликтүү жетекчилердин өз милдеттерине кайдыгер мамилесине күбөбүз. Эч демилгесиз, райондордун жана шаарлардын экономикасын өнүктүрүү маселелерин түшүнүшпөйт. Ишкерлердин укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу керек, укук коргоо органдары бизнести текшерүүнү токтотууга тийиш», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Премьер-министр мал чарбачылыгында көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү, кен компаниялары менен активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, экономиканы өнүктүрүү боюнча аймактардан таасирдүү чаралар көрүлбөсө, эмгек акы, пенсия жана жөлөкпулдарды көбөйтүү мүмкүн эмес.

«Мамлекет аймактардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракеттенүүдө. «Узак» насыялык ресурстарды жеткиликтүү кылып, Евразия экономикалык биримдигинин рыногуна жол ачты. Силердин активдүү жана демилгелүү ишиңер аркылуу гана аймактарда жашоону жакшырта алабыз. Жыл жыйынтыгы боюнча алынган көрсөткүчтөр үчүн өлкө Өкмөтүнүн жана калктын алдында жеке жоопкерчиликти аласыңар», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий