• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ден соолугу күндөн-күнгө начарлоодо. Рак илдетинен жабыркаган 1,5 жаштагы Али жардамга муктаж

Ден соолук 0


Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Рак илдетинен жабыркаган Али Түркиядагы операцияга муктаж.

Али учурда 1,5 жашта. Ал кан рагы менен ооруйт. Операцияга 70 миң доллар каражат керектелет. Баланын ден соолугу күндөн-күнгө начарлап жаткандыктан ата-энеси Түркияга учууга туура келген. 70 миң доллардын 14 миңи чогулган, калган 56 миң долларды чогултуу керек.

Учурда операцияга даярдыктар жүрүүдө.

Алинин ата-энеси жана туугандары кайдыгер эмес жарандардан жардам сурайт.

Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү сүрөттөгү реквизиттер аркылуу акча каражаттарды жибере алат.

Пикир

Оставить комментарий