• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майрам уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. “Балажан” эстетикалык билим берүү республикалык балдар борборунун кызматкерлери Чүй облусунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөрдү калыбына келтирүү “Максат” борборуна барышып балдарга майрам тартуулашты.

Аталган иш-чара Майыптардын эл аралык күнүнө арналган.

"Балажан" борборунун өкүлдөрү балдарга оюн-зоок тартуулап, аларга белектерди тапшырышты. Андан тышкары балдарды тарбиялоодо чоң эрдик кылган тарбиячыларга да белектерди беришти.

Ар бир баштыкка балдарга керектүү буюмдар таттуу момпосуйлар салынган.

“Алтын ийне”, “Бисеринка” студияларынын катышуучулары балдарга өз колдору менен жасаган оюнчуктарды тапшырышты. “Айкөл” бий студиясынын бийчилери атайын номерлерди тартуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий