• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага дайыма кам көргөн ата-энелерди мамлекеттик колдоонун жаңы тутуму бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Токтомуна кол койду.

Жобо багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар ата-энелерди колдоо максатында социалдык кызматтын жаңы түрү «жеке ассистентти» түзөт.

Көрсөтүлгөн категориядагы балдар күнү-түнү көңүл бурууга муктаж болгондуктан, эреже катарында, ата-эненин бири иштөө мүмкүндүгүнө ээ эмес жана пенсиялык жана медициналык камсыздандыруу кепилдигинен ажыратылган, тагыраагы, мындай ата-энелер иштей алышпайт, демек пенсия алуулары мүмкүн эмес.

Жаңы жобо ата-энесине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көрүүнү улантууга, мамлекет тарабынан каржылык колдоо алууга, ошону менен бирге келечекте пенсия алуу мүмкүндүгүн жоготпоого шарт түзөт.

Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилген. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт. Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары Реаблитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Бул майыптуулугу бар баланын жашоо сапатына жана өөрчүшүнө оң таасирин тийгизет.

Жеке ассистент катары ата-энелерден тышкары мыйзамдуу өкүлдөр жана башка адамдар дагы болоору каралган, ушуга байланыштуу алар үчүн майыптуулуктун оор формасы бар баланы багуу боюнча базалык билимдер боюнча белгилүү бир талаптар жана көндүмдөрдү мындан ары өнүктүрүү зарылдыгы белгиленген.

Көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы багуу боюнча белгиленген категорияда жеке ассистенттерди окутуу үчүн «Социалдык заказа» механизмин колдонуу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо боюнча жаңы системаны ишке ашыруу үчүн алдын ала эсептөөлөргө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420млн сом талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий