• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган ассистенттердин сентябрь айындагы акысы толук төлөндү

Коом 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган жеке ассистенттердин сентябрь айындагы акысы толугу менен төлөндү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, октябрь айынын төлөмү 28-октябрдан 5-ноябрга чейин которулат.

Ошондой эле министрлик учурда жеке ассистенттерге төлөмдөрдү борборлоштуруу маселеси иштелип жаткандыгын маалымдайт. Иш-чара өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 7621 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга 7471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий