• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кимдер жеке ассистент боло алат?

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кимдер жеке ассистент боло аларын, жеке ассистент болуу үчүн кайсыл мекемеге кайрылуу жана кайсыл документтерди чогултуу керектигин айтып беришти.

Кимдер жеке ассистент боло алат?

Ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси) же 65 жашка чейинки тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар. Жеке ассистент бир эле мезгилде бир үй-бүлөдөн бир нече ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы (эки жана андан ашык) баккан учурда ар бир бала үчүн кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдөн 50 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.

Жеке ассистент болуу үчүн кайсыл мекемеге кайрылуу зарыл?

Биринчи кезекте арыз ээси жашаган жери боюнча территориалдык Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясына кайрылуусу зарыл (эгерде МСЭКтин корутундусу болсо, анда кайрылуунун зарылчылыгы жок). Врачтар баланын ден соолугун текшерген соң, “багууга дайыма муктаж” же “бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж”, - деп берилген корутундунун негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлөт.

Кандай документтерди чогултуу керек?

1) арыз ээсине:

- саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген психикалык оорусунун жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттын көчүрмөсү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баккан баланын ата-энесинен талап кылынбайт);

- арыз ээсинин факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;

- паспорттун көчүрмөсү (ID – карта);

- банктагы алыш-бериш эсеби.

2) балага:

- “багууга дайыма муктаж” же “бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж” экендигин тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү;

- баланы реабилитациялоонун жеке программасы (эгерде жок болсо талап кылынбайт) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын ата-энесинин макулдугу менен иштелип чыгат;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын паспортунун

(ID – карта) же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

Ыктыярдуу патентти жана камсыздандыруу полисин жеке ассистент үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери алышат. Накталай салымдар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Тактап айтканда, жеке ассистент айлык маянасын толук суммада алып, келечекте пенсиялык камсызданууга укуктуу болот.

Пикир

Оставить комментарий