• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөткөн адамдарга октябрь үчүн айлык акысы толук каржыланды

Коом 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин октябрь айы үчүн айлык акысы толук каржыланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Бүгүнкү күндө дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 7621 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 7471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат.

Жеке ассистенттин ай сайын айлык акысынын өлчөмү 4900 сомду түзөт. Белгилей кетсек, жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полисирайондук социалдык өнүгүүбашкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен алынат.

“Ушул жылдын башынан тарта жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөөгө республикалык бюджеттен 303 млн 62 миң 339 сом бөлүнгөн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып кирген. Жеке ассистент баланы багууда социалдык-турмуштук кызматтарды көрсөтүүдөн сырткары, балага реабилитациялоонун жеке программаларын ишке ашырууга көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий