• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Израилдик топ Ысык-Көлдө эс алды

Коом 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. 2017-жылдын 9-июлунда Израилден келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген «Хоце Гвулот» тобу үчүн Ысык-Көлгө уюштурулган тур аяктады. Алар өздөрүнүн мисалында кыргызстандык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жашоодо тең укуктуулукка эркиндикти көрсөтүштү.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын бири Еэлдин айтымында, бул унутулгас күндөр болду. Делегацияга Кыргызстандын жаратылышы жана адамдарынын ачыктыгы, эмгекчилдиги, боорукерлиги жаккан.

Меймандардын айтымында, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы айырмачылык кыргызстандык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар мекендештери кечирген күнүмдүк жашоодон алыс экенинде. Алар коштоосуз бир да кадам жасай алышпайт. Кыргызстандын архитектуралык курулуштарынын инфраструктурасы ага ылайыкташтырылбаган.

Сүрөт www

Пикир

Оставить комментарий