• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргыз студенттеринин Кореяда билим алуусу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кибер университетинин ректору башында турган Тэгу шаарынын (Түштүк Корея) делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 18-февралында өтүп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттеринин Кореяда билим алуусу, ошондой эле КРда биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушууда Тэгу шаарынын Ишкерлер ассоциациясынын вице-президенти Канг Джонг элчиге Тэгу шаарында жакынкы арада Кыргызстандын туристтик жана экспорттук потенциалы тууралуу презентация уюштурулушу мүмкүн экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий