• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар кантип добуш бере алат - видео

Шайлоо 2020 0


Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар кантип добуш берерин көрсөттү. Шайлоо участкаларында майыптар үчүн добуш берүүгө шарттар түзүлгөн.

Тактап айтканда, көзү начар көргөндөр үчүн атайын лупалар, азиз адамдар үчүн Брайль шрифти аркылуу түзүлгөн шайлоо баракчасы бар.

Ошондой эле пандустар да даярдалган.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий