• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ЖОЖго кабыл алуудагы босого балл төмөндөтүлдү

Билим 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жогорку окуу жайларга кабыл алуудагы босого балл төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын, Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын жана программасынын ченемдерин ишке ашыруу, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жогорку билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырууда I жана II топтордогу майыптыгы бар адамдарды медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден башкасына кабыл алуудагы босого баллды төмөндөттү. Ошентип, гранттык орундарга босого балл – негизги тест боюнча 100 балл, акы төлөп окутуунун бардык формаларына босого балл – негизги тест боюнча 95 балл деп белгиленди.

Белгилей кетсек, азыркы билим берүү системасы инсандын жекече билим алуу муктаждыктарына дал келүүгө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутууга бирдей мүмкүнчүлүктү камтыган инклюзияны өнүктүрүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий