• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборуна Элдияр Сатыбалдыев жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйракка эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова кол койду.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңы дайындалган жетекчини жалпы жамаатына аталган министрликтин башчысынын орун басары Жаңыл Алыбаева тааныштырды.

Элдияр Сатыбалдыев жогорку медициналык билимге ээ. Акыркы 11 жыл ичинде ал саламаттыкты сактоо системасында эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий