• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ден соолук: Иммунитетти бекемдөө жолдору

Дүр дүйнө 0

Суук жана күз-кыш мезгилинин келиши менен көп ооруп баштайбыз. Буга жол бербеш үчүн тезинен иммунитетти көтөрүү зарыл.

Белгилүү болгондой, иммунитет – бул организмди бөтөн бактериялардан, вирустардан жана башкалардан коргой турган табигый реакция. Эгерде адамдын иммунитети төрөлгөндөн күчтүү болсо, ал ар кандай жугуштуу ооруларга туруштук бере алат. Бирок туубасадан тышкары жасалма жол менен алынган иммунитет болот. Буга байланыштуу оорубай, дайыма сак-саламат жүрүү үчүн адамдар иммунитетин чыңдашы зарыл.

Биринчиден, тынч уйку

Чоңдордун иммунитетине уйкунун таасири канчалык экенин көптөр эле биле беришпесе керек. Ошондуктан күндүн режимин ырааттуулукта карманып, уйку үчүн суткасына 6-8 саат бөлүү шарт. Жакшы уйку клеткалардын жаңылануусуна, алардын регенерация процессин тездетет. Бул өз кезегинде иммундук системаны чыңдап, балдардын, ошондой эле чоңдордун иммунитетин бекемдейт.

Экинчиден, эч кандай стресс болбосун. Стресс – бул жөн гана эмоция эмес. Анын ден соолукка таасири бар – организмден керектүү ресурстарды тартып алып, иммунитеттин кескин төмөндөшүнө алып келет. Стрессти жеңүү үчүн 1) сизди стресске алып келген адамдардан оолак болуңуз, 2) ашыкча ачуу келтирбестен, татаал жагдайлардан чыгууга үйрөнүү керек. Стресстин жоктугу – сиздин иммунитеттин жогорулашынын мыкты каражаты.

Үчүнчүдөн, туура тамактануу. Туура тамактануу саламаттыкка зор таасир берет. Ошондуктан бүгүнтөн тарта туура тамактанууга өтүүгө чакырабыз. Бул иммунитетти көтөрүүнүн, жүрөк-кан тамыр системасын колдоонун жана күч-кубатты арттыруунун жакшы жолу. Туура тамактанууда жашылча-жемиштер, витаминдүү азыктар көп болушу керек. Ошондой эле иммунитетти көтөрүү үчүн кант, транс майларды, көмүртек жана алкоголду колдонууну жокко чыгаруу абзел. Иммунитетти цитрус жемиштери жана помидор жакшы көтөрөт. Аларда С витамина көп. Ошондой эле, сарымсак, миндаль капуста, малина, йогурт, жашыл чай ж.б. өтө пайдалуу келет.

Төртүнчүдөн, иммунитетти жогорулаткан дары-дармектер. Медициналык көз караштан алганда, иммунитетиңиз үчүн сиз эң башкысы – сергек жашоо мүнөзүн тандап, жугуштуу оорулар жана инфекциялар аныкталган шартта медициналык жардам алууга кайрылышыңыз керек. Эгерде организмде айрым заттардын жетишсиздигин байкасаңыз же аныкталса, кошумча азыктарды колдонуу туура болот. Бул мультивитаминдер болушу мүмкүн. А, В6, В12, С, D, Е витаминдери, цинк жана селен иммунитетти көтөрөт. Аларды туруктуу ичүү сасык тумоону алдын алууну шарттайт. Өсүмдүктөрдөн эхинацея, женьшень, лимон, алоэ, каланхоэ ж.б. иммунитетти көтөрүүдө таасирдүү жардам берет.

Элдик каражаттардан – мөмө жана чөптөрдөн демделген чайлар, витаминдүү шире, суусундуктар натыйжа берет. Ошондуктан дарыканалардан дары-дармектерди алып, чыгым болуунун алдында, табигый каражаттарды колдонуп, натыйжасын байкап көрүүгө чакырабыз.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий