• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дене табы жогору жарандардын келбөөсү талап. Курман айт намазынын программасы

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт намазынын программасын жарыялады.

Маалыматка ылайык, айт намазы 20-июлда Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттеринде гана санитардык талаптарды сактоо менен окулат.

Айт намазынын программасы:

- Саат 07:00-07:20да — муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы;
- Саат 07:20-07:30да — куттуктоолор;
- Саат 07:30да — айт намазы окулат.

Эскертүү: айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.

• Беткаптын болуусу талап кылынат;
• Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат;
• Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо;
• Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
• Дааратты үйдөн алуу;
• Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;
• Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий