• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дене табы жогорулаган адамдарды табуу боюнча кызматтык иттердин даярдыгы тестирленди

Ден соолук 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) Бишкекте ЕККУнун Программалык кенсесинин колдоосу менен кинологиялык кызматтын базасында “Жылуулук булактары объекттерин (субъекттерин) издөө боюнча кызматтык иттерди даярдоо” тобун ачуу мүмкүнчүлүгүн тестирледи.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кинологиялык кызматтын кызматтык ити адамдын дене табын 37 ° C градустан жана андан жогору диапазондо жогорулашын сезүүсүн сыноолор далилдешти.

МБКнын кинологиялык кызматы демилгелеген тестирлөө Бишкек шаардык окуу бажысынын базасында 45 күндүн ичинде жүргүзүлгөн. Бардыгы 140 машыгуу сааты жана 80% тактыгы менен 10 сокур сыноолор өткөрүлдү. Кинологиялык кызматтын тобу аэропорттун машыгуу чөйрөсүндө сыноолорго даяр экенин көрсөттү жана “Манас” эл аралык аэропортунда жайгаштырылган. Тестирлөөгө кийминин астына дене табынын орточодон жогору болгон муляжды катып алышкан авиажүргүнчүлөр катышышты. Эки күндүн ичинде топ төрт рейстин авиажүргүнчүлөрү менен иттерди даярдоону ийгиликтүү сынашты.

Кинологиялык кызмат тобу аэропортко келген көптөгөн жүргүнчүлөр менен ыкчам иштөө жана алардын арасынан денесинин температурасы жогору адамдарды аныктай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Албетте, бул биринчи деңгээлдеги текшерүүнү алмаштырбайт, бирок дагы толук текшерүүнүн зарылдыгы жөнүндө белги берет. Муну менен бирге белгилеп кетчү нерсе, кызматтык иттин берген белгиси жүргүнчүдө вирустук инфекция бар экендигин билдирбейт, ал болгону дене температурасы нормалдуу диапазондон ашканын ырастайт жана дагы кылдат текшерүү талап кылынат. Мындан кийин тез температураны текшерүү жүргүзүлөт жана зарыл болсо андан аркы аракеттер көрүлөт. Жүргүнчүнүн кечигүү убактысы минималдуу болот.

Буга чейин Швециянын жана Венгриянын илимий чөйрөсүндө ушул тематикага байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Иттердин көрүү, угуу же жыт билүү сезимдери жок болгон учурда алар дененин температурасын аныктай ала тургандыгы белгиленген. Дененин температурасынын жогорулашын жана COVID-19 аныктоонун бул методун колдонуу короновирустук инфекцияны алып жүрүүчүлөр менен мүмкүн болгон байланыш тобокелдигин бир кыйла азайтуусу мүмкүн.

Жогоруда айтылгандардын баары эксперименталдык баскычта деп белгилей кетүү зарыл. Бирок бардык маалыматтар дене температурасы көтөрүлгөн адамдарды аныктоонун бул түрү аэропортто ийгиликтүү колдонулушу мүмкүн көрсөттү.

МБКнын кинология кызматынын адистери, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен, бардык кызыккан агенттиктер жана кызматтар үчүн “Кызматтык иттерди жылуулук булактарынын объектилерин (субъектилерин) издөөгө даярдоо" программасы боюнча кызматтык иттерди үйрөтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий