• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Дене тарбия жана спорт жɵнүндɵ» КРнын мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Дене тарбия жана спорт жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган.

Мыйзам дене тарбия жана спорт чɵйрɵсүндɵгү мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Дене тарбия жана спорт жɵнүндɵ» Мыйзамынын бир топ ченемдерине редакциялык мүнɵздɵгү, тактоо иретиндеги ɵзгɵртүүлɵр киргизилген.

Ошондой эле Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵттүнүн дене тарбия жана спорт жагындагы ыйгарым укуктары аныкталган жана такталган.

Пикир

Оставить комментарий